Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен Садыр Жапаровду куттуктады
Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев Кыргызстандын БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен Садыр Жапаровду куттуктады.
Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн, 4-июнда Өзбекстандын президенти менен телефон аркылуу сүйлөштү.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Шавкат Мирзиёев Садыр Жапаровду Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдардагы туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланышы менен чын жүрөктөн куттуктады.
Өзбекстандын лидери БУУга мүчө мамлекеттердин Кыргыз Республикасынын талапкерлигин кеңири колдоосу Кыргызстандын эл аралык аброю жогору экендигинин, ошондой эле өлкө жетекчилиги жүргүзүп жаткан тынчтыкты, стабилдүүлүктү жана туруктуу өнүгүүнү чыңдоого багытталган саясаттын дүйнөлүк коомчулук тарабынан таанылгандыгынын айкын далили экенин белгиледи.
Президент Садыр Жапаров Өзбекстандын президентине жылуу куттуктоосу жана боордош Өзбекстандын туруктуу колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирди.
Мамлекет башчысы шайлоо өнөктүгүнүн алкагында Кыргызстандын талапкерлигин жылдырууга Борбор Азия өлкөлөрү кошкон салымды өзгөчө белгиледи.
Садыр Жапаров Кыргыз Республикасы БУУнун Коопсуздук кеңешинин алкагында өз ара кызыкчылык жараткан маселелерди алдыга жылдыруу боюнча өнөктөштөр менен активдүү кызматташууга даяр экендигин ырастады.
Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө лидерлер кыргыз-өзбек ар тараптуу стратегиялык өнөктөштүгүнүн актуалдуу маселелерин, мурда жетишилген макулдашуулардын аткарылышын талкуулап, көп багыттуу кызматташтыкты мындан ары дагы тереңдетүүгө эки тарап тең кызыкдар экенин ырасташты.
Ошондой эле алдыдагы жогорку деңгээлдеги иш-чаралардын графиги талкууланды.