Беларустун премьер-министри расмий сапары менен Кыргызстанга келди

Беларустун премьер-министри Александр Турчин расмий сапары менен Кыргызстанга келди.

“Манас” эл аралык аэропортунда жогорку даражалуу конокту министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Улан Маматканов тосуп алды.

Расмий сапардын алкагында Беларустун премьер-министри Кыргызстандын жетекчилиги менен жолугушат, бир катар документтерге кол коюу күтүлүүдө.

Мындан тышкары, Александр Турчиндин бир катар ишканаларга баруусу жана кыргыз-беларусь бизнес-форумунун ачылышына катышуусу пландалууда.

Связанный пост