Тарыхый жеңиш! Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланды

 Тарыхый жеңиш! Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланды

Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Бул тууралуу уюмдун Нью-Йорктогу штаб-квартирасында өткөн түз эфирдеги жыйынында белгилүү болду.

Шайлоого жалпысынан 191 мамлекет катышып, жыйынтыгында өлкөбүз 142 добуш менен ишенимдүү жеңишке жетишти. Кыргызстан Филиппин менен ат салышты. Ал эми Филиппин 49 добуш алды.

Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз. Мекендештерим, куттуктайм! Мындай куттуктоону президент Садыр Жапаров фейсбуктагы баракчасына жазды.

Кыргызстандын аталган кеңештеги туруктуу эмес мүчөлүгүнүн расмий иши 2027-жылдын 1-январынан тартып башталат.

Белгилей кетсек, Кыргызстан 2027–2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө талапкерлигин койгон.

Связанный пост