1-класска электрондук каттоону биринчи этабында 87 миң бала катталды

 1-класска электрондук каттоону биринчи этабында 87 миң бала катталды

Өлкөдө 1-класска электрондук каттоо 1-апрелде башталып, биринчи этап менен 87 миңге жакын бала мектепке катталды. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева “Ачык кабинет” долбоорунун алкагында билдирди.

Маалымдалгандай, мектепке кабыл алуунун экинчи этабы 1-июнда башталып, жашаган аймагында каттоосу жок балдар үчүн электрондук каттоо ачылган.

“Өлкөдө 12 жылдык билим берүүнүн натыйжалары катары санариптештирүү системасынын алкагында бүтүрүүчүлөргө электрондук аттестаттар даярдалып жатат. Учурда кагазсыз мектепке өтүүгө даярдыктар жүрүү менен бирге мугалимдер бүтүрүү экзамендерин өткөрүшүүдө. Быйыл 80 миң бүтүрүүчү өлкөдөгү мектептерде 11-классты аяктап жатат. Ал эми 9-класстын бүтүрүүчүлөрүнүн саны 136 миңдин тегерегинде. 1-апрелден баштап 1-класска мектепке кабыл алууга электрондук каттоо ачылган. Анын алкагында мектептерге 87 миңдей бала катталды”,- деди Кендирбаева.

Эскерте кетсек, республика боюнча мамлекеттик жана муниципалдык мектептерге балдарды 1-класска электрондук кабыл алуу https://1mektep.edu.gov.kg/ky сайты аркылуу жүргүзүлүүдө.

Связанный пост