Кыргызстан – Палестина беттешиндеги каражаттын бир бөлүгү Палестина элин колдоого жумшалат

 Кыргызстан – Палестина беттешиндеги каражаттын бир бөлүгү Палестина элин колдоого жумшалат

Кыргызстандын Улуттук курама командасы июнь айындагы ФИФА күндөрүнүн алкагында Палестинанын улуттук курама командасына каршы эки эл аралык жолдоштук беттеш өткөрөт.

Тилектештиктин жана колдоонун белгиси катары Кыргыз футбол биримдиги Палестина элине жардам көрсөтүүгө багытталган кайрымдуулук акциясын уюштурууда. Бул демилгенин алкагында беттештерге сатылган билеттерден түшкөн каражаттын бир бөлүгү Палестина элине колдоо көрсөтүүгө багытталат.

Оюндар 6-жана 9-июнь күндөрү Бишкек шаарындагы Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадиондо өтөт. Оюндардын башталышы саат 20:30да. Ошондой эле, күйөрмандар үчүн 18:30дан тарта стадиондун аймагында атайын шоу-программа уюштурулат.

Белгилей кетсек, Палестина курама командасына каршы бул беттештер Кыргызстандын улуттук курама командасынын 2027-жылдагы Азия Кубогуна даярдыгынын маанилүү бөлүгү болуп саналат.

Кыргыз футбол биримдиги бардык күйөрмандарды жана өлкө жарандарын улуттук курама команданы өз стадионунда колдоого жана масштабдуу кайрымдуулук акциясынын бир бөлүгү болууга чакырат.

Беттештердин программасы:

  • 6-июнь — Кыргызстан vs Палестина
  • 9-июнь — Кыргызстан vs Палестина
  • Беттештердин башталышы: 20:30
  • Күйөрмандар үчүн шоу-программа: 18:30дан баштап
  • Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадион, Бишкек

Билеттер TICKET.KG сайтында 20% арзандатуу менен жеткиликтүү.

Связанный пост