Президент Садыр Жапаров иш сапары менен Астанага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 28-майда иш сапары менен Казакстанга барды.

Мамлекет башчысынын учагы Астана шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Президент Садыр Жапаровду Казакстандын премьер-министри Олжас Бектенов жана башка расмий адамдар тосуп алышты.

Иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров Беларусь, Казакстан , Россия башчылары жана Армения вице-премьер-министри менен биргелешип Жогорку Евразиялык экономикалык кеңештин жыйынына жана V Евразиялык экономикалык форумдун ишине катышат, ошондой эле Alem.ai Эл аралык жасалма интеллект борборундагы көргөзмөгө барат.

Связанный пост