Прокуратура салыкчылардын ишкерлерге негизсиз айып салган 105 фактысын аныктады

 Прокуратура салыкчылардын ишкерлерге негизсиз айып салган 105 фактысын аныктады

Салык органдары тарабынан ишкерлерге мыйзамсыз айып салуу фактылары аныкталды. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, прокуратура органдары ишкерлердин укуктарын коргоо багытында жүргүзгөн мониторингдин алкагында, салыкчылар тарабынан бизнес өкүлдөрүнө мыйзамсыз айып салуу боюнча 105 фактыны аныктады. Тактап айтканда, 2026-жылдын 5 айында салык кызматкерлери мыйзам боюнча “эскертүү” гана бериле турган укук бузуулар үчүн ишкерлерге негизсиз түрдө акчалай жаза чараларын колдонушканы белгилүү болду.

Ошондой эле мыйзамдуулукту калыбына келтирүү жана ишкерлердин укуктарын коргоо максатында прокуратура органдары тарабынан тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүп, анын жыйынтыгында 51 кызмат адамына карата айып салынган жана ар кандай тартиптик жазаларга кириптер болушкан.

Башкы прокуратура бизнес өкүлдөрүнүн укуктарын коргоо үчүн атайын жеткиликтүү механизмдер иштеп жатканын эскертет:

  • “Бизнести коргоо” мобилдик тиркемеси (AppStore жана Google Play платформаларында бар);
  • Ар бир прокуратура органында түзүлгөн ишеним телефондору (номерлери www.prokuror.kg расмий сайтында жайгашкан).

Связанный пост