Эрлист Акунбеков Бүткүл кытайлык комитетинин Төрагасынын орун басары менен жолугушту

Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Кытай Эл Республикасынын 14-чакырылыштагы Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин төрагасынын орун басары, ШКУнун Ынак коңшулаштык, достук жана кызматташтык боюнча комитетинин Төрайымы Шэнь Юэюэ менен жолукту.

Жолугушуу “ШКУдагы аймактар аралык өнөктөштүк: биргелешкен өнүгүүнүн 25 жылы” темасында Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин регион башчыларынын V форумунун жана боордош шаарлардын жолугушуусунун алкагында болду.

Жолугушууда тараптар эки өлкөнүн Мамлекет башчыларынын ортосундагы үзгүлтүксүз саясий диалогу өзгөчө мааниге ээ экенин белгилешип, өлкөлөр стратегиялык өнөктөштүктү ырааттуу түрдө чыңдап, парламенттер аралык байланыштарды өнүктүрүүдө, эл аралык платформаларда активдүү өз ара аракеттенүү жүрүп жатканына токтолушту.

Мындан тышкары соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана саламаттыкты сактоо тармактарында кызматташуу маселелери сүйлөшүлүп, бүгүнкү жолугушуу Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы эки тараптуу мамилелерди мындан ары да чыңдоо үчүн бекем негиз түзөөрүнө ишенишээрин билдиришти.

Өз кезегинде Кытай Элдик саясий консультативдик кеңешинин Бүткүл кытайлык комитетинин Төрагасынын орун басары Шэнь Юэюэ, Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун жетекчилиги алдында Кыргызстан ар тараптуу активдүү өнүгүп жатканын айтып, Кыргызстандын ШКУга төрагалыгын жогору баалоо менен Бишкекте өтө турган ШКУ саммитинин маанилүүлүгүн белгиледи.

Связанный пост