Эс алуучу жайларда коопсуздук текшерилди
1-июнь – Балдарды коргоонун эл аралык күнүнө жана жайкы сезондун башталышына карата Кыргызстан боюнча аттракциондордун коопсуздугу текшерилүүдө. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, мониторинг Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлүүдө.
“Учурда республика боюнча 300дөн ашык аттракцион иштеп жатат. Алардын эң көбү Бишкек жана Ош шаарларына туура келет (маселен, Панфилов паркында – 41, “Евразияда” – 43, Sky Entertainment борборунда – 36 аттракцион бар). Мониторинг учурунда техникалык паспорттордун жана эксперттик корутундулардын жоктугу, камсыздандыруу полистеринин түзүлбөгөндүгү жана операторлордун атайын окуудан өтпөгөндүгү сыяктуу кемчиликтер аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.
Белгиленгендей, коопсуздук талаптарына жооп бербеген аттракциондордун иштешине жол берилбейт. Эреже бузган тараптарга 10 миң сомдон 45 миң сомго чейин айып пул каралган.