Быйыл 5-класстар 7-класска көчүрүлөт

 Быйыл 5-класстар 7-класска көчүрүлөт

2026–2027-окуу жылында Кыргызстанда мектептерди 12 жылдык билим берүү системасына этап-этабы менен өткөрүү улантылат. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.

Жаңы өзгөрүүгө ылайык, быйыл айрым класстар жаңы программа менен окуса, айрымдары эски системада калат. Эң башкысы мектептерде бир гана жолу аткарылуучу өзгөчө “секирик” механизми ишке кирет.

Маалыматка ылайык, 12 жылдык система менен окуй баштаган 1-2-класстын окуучулары жаңы стандарттар боюнча кийинки баскычка өтүшөт.

Ал эми 4-класстын окуучулары 2026–2027-окуу жылында 12 жылдык мектептин 5-классына өтүп, интеграцияланган жаңы “5+6” программасы боюнча билим ала башташат.

Өзгөчө өзгөрүү 5-класстын окуучуларына тиешелүү болот. Алар “5+6” интеграцияланган программасы менен окугандыктан, түздөн-түз 7-класска өтүшөт. Мындай механизм “секирик” катары каралууда.

Мындан тышкары, 11 жылдык система боюнча билим алган 6-класстын окуучулары дагы 7-класска өтүп, жаңы программалар менен окуй башташат.

Буга байланыштуу 2026–2027-окуу жылында 7-класстардын саны кыйла көбөйөрү белгиленди. Себеби бекитилген этаптык модель боюнча быйыл бир гана жолу — 5-класстан 7-класска “секирик” жүргүзүлөт.

Ал эми 12 жылдык система боюнча окуган 7-класстын окуучулары жаңы стандарттар менен 8-класста билим алышат.

8, 9 жана 10-класстын окуучулары болсо мурдагы 11 жылдык билим берүү системасы боюнча окуусун улантышат.

Связанный пост