Бир жумада 310 мас айдоочу кармалды

 Бир жумада 310 мас айдоочу кармалды

18-майдан 24-майга чейин өлкө аймагында 27 миң 109 жол эрежесин бузуу фактысы аныкталды.

Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришкендей, анын ичинен:

  • тийиштүү документтери жок унаа башкаруу — 2 495;
  • мас абалында унаа башкаруу — 310;
  • унаанын терезелерин мыйзамсыз караңгылатуу — 250;
  • жөө жүргүнчүлөр катышкан жол эрежесин бузуулар — 2 112;
  • унааны эксплуатациялоо эрежелерин бузуу — 4 240;
  • автоээнбаштык — 30;
  • белгиленген ылдамдыктан ашуу — 3 267;
  • жасалма мамлекеттик номур менен унаа башкаруу — 5;
  • башка жол эрежелерин бузуу фактылары — 7 829.

Мындан тышкары, ар кандай жол эрежесин бузгандыгы үчүн 6 миң 571 автоунаа убактылуу токтотуучу айып короо жайына токтотулган.

Связанный пост