ЕАБР: Кыргызстандын экономикалык өсүшү 12,4 пайызга жетип, жогорку темпти көрсөтүүдө
Евразия өнүктүрүү банкынын (ЕАБР) аналитиктери Кыргызстандын экономикасынын өнүгүү темпи жогорулагандыгын белгилешүүдө.
Эксперттердин маалыматы боюнча, үстүбүздөгү жылдын январь-апрель айларында ички дүң өнүмдүн (ИДП) өсүшү 12,4 пайызга жетти.
“Экономикалык өсүшкө эң негизги салымды курулуш тармагы кошту — 3,75%. Бул багыттагы жогорку жигердүүлүк “Менин үйүм” мамлекеттик программасынын алкагында турак жай курулушунун кеңейиши менен байланыштуу. Ошондой эле бир катар чакан гидроэлектростанциялардын (ГЭС) ишке киргизилиши кошумча колдоо болду. Өнөр жай тармагындагы өсүш негизги металлдарды өндүрүүнүн көбөйүшү (+11,6%) менен камсыз кылынды. Ал эми тейлөө чөйрөсү 7,3 пайызга өстү”, – деп белгилешет ЕАБРдын адистери.
Аналитиктердин болжолунда, инвестициялык импульс 2026-жылдын аягына чейин экономикалык өсүштүн негизин түзүүнү улантат. Жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын ИДПсынын өсүшү 10 пайыздан ашык болору болжолдонууда.