Чүйдө унаа менен жайыттарды тебелегендерге 93 миң сом айып салынды

Чүй облусунун Кашка-Суу айылындагы Ак-Таш жайытында унаалар жана эндуро мотоциклдер менен жашыл аймактарды тепселеп, жаратылышка зыян келтиргендерге каршы рейд өткөрүлдү.

Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматы билдиришкендей, текшерүүнүн жыйынтыгында жаратылышка зыян келтирген айдоочуларга карата 17 протокол түзүлдү.

Мыйзам бузуучуларга жалпысынан 93 миң 500 сом айып пул салынды. Ал эми жашыл аймакка мыйзамсыз кирген унаалар чыгарылып, айдоочуларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

Белгиленгендей, бул иш-чара министрлер кабинетинин 2026-жылдын 11-майындагы айрым аймактарда мототранспорт каражаттарын колдонууну чектөө жөнүндө токтомунун алкагында аткарылууда. Мындай рейддер учурда өлкө боюнча туруктуу негизде өтүп жатат.

Связанный пост