Садыр Жапаров Шаньсидеги кырсыкка байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты

 Садыр Жапаров Шаньсидеги кырсыкка байланыштуу Си Цзиньпинге көңүл айтты

Президент Садыр Жапаров Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпинге көңүл айтуу телеграммасын жөнөттү.

“Кытай Эл Республикасынын Шаньси провинциясындагы көмүр шахтасында газдын жарылышынын кесепетинен адамдар каза болду деген кабарды терең кайгыруу менен кабыл алдым.

Кыргыз Республикасынын элинин жана жеке өзүмдүн атымдан каза болгондордун үй-бүлөлөрүнө жана жакындарына аза кайгысын тең бөлүшүп көңүл айтам жана жабыр тарткандардын тез арада сакайып кетишин каалайм”, – деп айтылат телеграммада.

Связанный пост