Быйыл жол куруу иштери 4 эсеге өстү
Быйыл жол куруу иштеринин көрсөткүчү 2025-жылга салыштырмалуу 4 эсеге өстү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 2026-жылдын 20-майына карата өлкө боюнча 243,1 чакырым жолго асфальт басылды, өткөн жылы бул мезгилде 56,6 гана чакырым аралыкка асфальт төшөлгөн.
Учурда республика боюнча жол куруу жана оңдоо иштери белгиленген графикке ылайык жүргүзүлүп, тиешелүү техникалар жана курулуш материалдары менен камсыздоо иштери үзгүлтүксүз уланууда.