Акыркы коңгуроо: Милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

 Акыркы коңгуроо: Милиция күчөтүлгөн тартипте иш алып барат

Акыркы коңгуроо күнүнө карата көзөмөл күчөтүлөт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүтүрүүчүлөрдөн жана ата-энелерден акча чогултууга тыюу салынат. Мектептен тышкары кошумча иш-чараларды уюштурууга, фейерверк, жарылуучу же кооптуу техникалык каражаттарды колдонууга, ошондой эле балдардын унаа башкаруусуна уруксат берилбейт.

“Бул күнү милиция кызматкерлери өлкө аймагында коомдук тартипти жана жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылышат. Акыркы коңгуроо күнү, ага чейин жана андан кийинки күндөрү дагы кафе-ресторандар, түнкү клубдар, көлдөр, суу жээктери, унаа жолдору көзөмөлгө алынат”, — деп айтылат маалыматта.

Ички иштер министрлиги мектеп жетекчилерин, ата-энелерди жана бүтүрүүчүлөрдү мыйзам талаптарын так сактоого жана балдардын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурууга чакырат.

Белгилей кетсек, быйыл өлкөдө акыркы коңгуроо салтанаты 29-майда өтөт.

Связанный пост