Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы кармалды
Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Ош шаардык төрөт үйүнүн кызматкерлери тарабынан бейтаптардын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын чечип берүүдө акча каражаттарын системалуу түрдө алуу фактылары аныкталды.
Анын негизинде 20-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси К.А.М. кармалды.
“Жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын алкагында акчалай сый акы алуу боюнча көптөгөн фактылар аныкталды”, – деп айтылат маалыматта.
Кылмыш ишинин алкагында кармалган К.А.М. УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда зарыл болгон тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.