Бишкектен 360 жаран ажылык сапарга жөнөп кетти

 Бишкектен 360 жаран ажылык сапарга жөнөп кетти

Бүгүн “Манас” эл аралык аэропортунан Бишкек – Жидда багыты боюнча 360 зыяратчы ажылык сапарга аттанды. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынан билдиришти.

Болочок ажыларды узатуу иш-чарасына катышкан муфтий Абдулазиз Закиров зыяратчыларга ийгилик тилеп, ажылык ибадаттарынын кабыл болушун дуба кылды.

Бул Бишкектен Жидда шаарына учкан алгачкы рейс.

Ажылык сапарга алгачкы топ 10-майда Ош – Медина багыты боюнча жөнөп кеткен. Зыяратчыларды ташуу Flyadeal авиакомпаниясы тарабынан ишке ашырылууда

Белгилей кетсек, быйыл Кыргызстандан жалпы 6060 зыяратчы ажылыкка барат.

Связанный пост