Кыргызстан менен Индия коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

 Кыргызстан менен Индия коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты бекемдөөдө

Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Индия премьер-министринин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин орун басары Паван Капур менен жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун катышуучулары кыргыз-индия мамлекеттер аралык өз ара аракеттенүүсүнүн жүрүшүн талкуулашты, ошондой эле коопсуздук чөйрөсүндөгү учурдагы эл аралык кырдаалга байланыштуу пикир алмашты.

Адилет Орозбеков өз сөзүндө Кыргызстан менен Индия экстремизмге, терроризмге жана баңгизаттардын соодасына каршы турууга умтуларын, аларды адамзат үчүн негизги коркунучтар деп эсептей турганын белгиледи.

Мындан тышкары, тараптар коомдук коопсуздукту, укук тартибин камсыз кылуу жана трансулуттук кылмыштуулукка каршы күрөшүү багытындагы өз ара аракеттенүү эки тарап үчүн тең кызыкчылыкты туудурарын баса белгилешти.

Жолугушуу Шанхай кызматташтык уюмунун коопсуздук кеңештеринин катчыларынын 21-жолугушуусунун алкагында өттү, анын негизги жыйыны ушул жылдын 14-майында болуп өттү.

Связанный пост