Автобустардагы үн системасы эми аралыктан башкарылышы мүмкүн
Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиевдин Свердлов районунун тургундары менен жолугушуусунда майыптыгы бар жарандар үчүн борбордогу коомдук транспортто аялдамаларды жана каттамдардын номерлерин эскертүүчү автоматташтырылган үн системасы өчүрүлүп жатканы айтылды.
Шаар тургунун пикиринде, Бишкек ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн жашоого ыңгайлуу, жеткиликтүү шаар болбой жатат.
“Шарттар бар болсо да, бардык автобустарда аялдамаларды эскертүүчү автоматташтырылган үн системасы иштебейт. Биз аялдамада автобус күтүп турганыбыз менен каттамдардын номерлери маалымдалбайт. Тиешелүү кызматтар менен иштешип, бул көйгөйдүү чечүүгө биз жардам бергенге даярбыз”,- деди калаа тургуну.
Мэр өз кезегинде мындай көрүнүштөр бар экендигин, айдоочулар кайталанган үн системасынан чарчап өчүрүп салып жатышканын сындоо менен айтты.
“Бул айдоочулардын күнүмдүк көрсөткөн кызматы. Тилекке каршы, ошондой көрүнүштөр бар. Натыйжада биз ушул жылдын биринчи кварталында эле бир канча айдоочуну ишин так аткарбагандыгы үчүн кызматтан кетирдик. Айдоочулардын маданияты, ишке болгон жоопкерчилиги бара-бара оңолот деп ишенебиз. Жүргүнчүлөргө орой мамиле көрсөтүп, ишин так аткарбаган айдоочуларды биз кармабайбыз. Четинен тазаланып жатабыз, келечекте мунун бардыгы жокко чыгат”,- деди Жунушалиев.
Ал ошондой эле коомдук транспорттогу автоматташтырылган үн системасын аралыктан башкаруу системасын киргизүү зарылдыгын белгилеп, тиешелүү кызматкерлерге сунуштады.