Бишкекте 13 медициналык тез жардам станциясы иштеп баштайт

 Бишкекте 13 медициналык тез жардам станциясы иштеп баштайт

Бишкекте 148 унаалуу 13 медициналык тез жардам станциясын жайгаштыруу каралууда. Бул тууралуу борбор калаанын Башкы планында айтылат.

  • Ленин районунда – 50 унаасы бар 4 станция;
  • Октябрь районунда – 55 унаалуу 4 станция;
  • Биринчи май районунда – 13 унаалуу 4 станция;
  • Свердлов районунда – 30 унаасы менен 2 станция.

2050-жылга карата Бишкекте болжол менен 197 унаалуу 20 медициналык тез жардам станциясы иштей тургандыгы кошумчаланган.

Белгилей кетсек, бүгүнкү күндө Бишкек шаарынын аймагында 49 унаасы бар 7 медициналык тез жардам станциясы жайгашкан.

Связанный пост