Жыл башынан бери көл жана суу сактагычтардан 46 миң метр тор чыгарылды

 Жыл башынан бери көл жана суу сактагычтардан 46 миң метр тор чыгарылды

Кыргызстандын суу сактагычтарында жана көлдөрүндө экологиялык кылмыштарга каршы рейддер уланууда. Бул тууралуу Экологиялык жана техникалык көзөмөл кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 1-майдан 10-майга чейин республика боюнча 125 рейддик иш-чара өткөрүлүп, экологиялык коопсуздук багытында 137 мыйзам бузуу фактысы аныкталды.

10 күндүн ичинде Ысык-Көл, Соң-Көл көлдөрүнөн, Токтогул, Орто-Токой жана Киров суу сактагычтарынан жалпысынан 9 миң метрге жакын мыйзамсыз тор жана 300 кг таштанды чыгарылды.

“Ал эми жыл башынан бери инспекторлор тарабынан жалпы 46 300 метр эски синтетикалык тор жана 1 060 кг таштанды суу түбүнөн тазаланды. Мыйзамсыз балык уулоого каршы күрөштүн алкагында жалпы 416 658 сом өлчөмүндө айып пул жана доо өндүрүлдү”, – деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, бул иш-чаралар президенттин балык уулоого жана синтетикалык торлорду колдонууга тыюу салган жарлыктарын аткаруунун алкагында жүргүзүлүүдө.

Связанный пост