Новосибирскте Кыргызстандын айыл чарба соода базары ачылды
Россиянын Новосибирск шаарындагы “Хилокский” соода борборунун аймагында “Ала-Тоо” аталышындагы кыргыз продукцияларынын дүң жана чекене соода базары ачылды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.
Жаңы соода аянты ата мекендик өндүрүүчүлөрдүн продукцияларын Россиянын Сибирь федералдык округунда жайылтуу жана сатуу максатында түзүлдү.
Борбордун жалпы аймагы 10,7 гектарды түзөт. Жалпы аянты 2 100 чарчы метрди түзгөн 7 муздаткыч кампа жана 4 400 чарчы метрлик 12 кадимки кампа ишке берилди.
Мындан тышкары, 51 мини-склад жана 16 контейнер бар. 450 жеңил унаа жана 400гө чейинки оор жүк ташуучу унаалар үчүн токтотмолор каралган. Айдоочулар үчүн хостел, миграциялык каттоо жана документтерди коштоо кызматтары көрсөтүлөт.
Учурда базардын аймагында продукцияларды Россиянын стандарттары боюнча сертификациялоочу лаборатория түзүлүүдө. Бул келечекте кыргыз товарларын “Лента”, “Пятерочка” жана “Ашан” сыяктуу ири соода тармактарына түз жеткирүүгө жол ачат.
Министрлик ата мекендик экспорттоочуларды жана логистикалык компанияларды бул аянтчаны пайдалануу менен Россия рыногуна чыгууга чакырат.
Байланыш телефондору:
- Дареги: РФ, Новосибирск ш., Хилокская көч., 30.
- Тел.: +7 998 380 7777.