Бишкекте турак жай курууга 3,5 миң гектар жер бөлүнгөн
Бишкекте турак жай куруу үчүн 3,5 миң гектар жер бөлүнгөн. Бул тууралуу борбор калаанын 2050-жылга чейинки бекитилген Башкы планында айтылат.
Анда белгиленгендей, турак жай зоналарын 4 кабаттан баштап 14 кабаттан жогору бийик көп кабаттуу үйлөр түзөт.
Калктуу конуштардын чектеринде жаңы турак жай фонду жайгаштырылат, анын
87,2 %ы көп кабаттуу жана орто кабаттуу курулуш, 12,73 %ы аз кабаттуу жана жеке турак жай курулушу болот.
Көп кабаттуу турак үйлөрдү куруу зонасы Ленин районунун түштүк бөлүгүндө жана Октябрь районунун түштүк-чыгыш бөлүгүндө жайгашкан.
Турак жай курулушуна жогорку инвестициялык суроо-талапты эске алуу менен Башкы планда бийик кабаттуу турак жайларды жайгаштыруу үчүн зоналар бөлүнгөн.
Бул типтеги курулуш эски ат майдандын аймагында, ошондой эле түзүлүп жаткан райондук борборлордун курамында: “Бишкек-Сити” жаңы борборун түзүү пландалып жаткан Ленин районунда курулуп жаткан стадиондун аймагында жана Октябрь районунун түштүк-чыгыш бөлүгүндө Анкара көчөсүндө каралган.
Орто кабаттуу үйлөрдү шаардын борбордук бөлүгүндө да, жаңы курулуп жаткан райондордо да куруу каралган.
Башкы планда айтылгандай, Бишкек шаарынын калкынын саны 2025-жылдын 1-январына карата 1321,9 миң адамды түзгөн. 2050-жылга чейин бул сан 1 млн 920 миң адамга жетет.