Караколдон Алматы жана Ташкентке автобус каттамдары ачылат

 Караколдон Алматы жана Ташкентке автобус каттамдары ачылат

Бүгүн Каракол шаарына 10 жаңы заманбап автобус алынып келди.

Мэриядан билдиришкендей, эл ташуучу автобустар мындан ары Каракол–Бишкек, Каракол–Алматы жана Каракол–Ташкент багыттары боюнча каттамдарга чыгарылат. Жаңы унаалар алыскы сапарларга ылайыкталып, жүргүнчүлөр үчүн бардык ыңгайлуу шарттар менен камсыздалган.

Жаңы автобустардын каттамга чыгышы аймактагы жүргүнчүлөрдү ташуу мүмкүнчүлүгүн кеңейтип, жол жүрүүнүн сапатын жакшыртууга өбөлгө түзөт. Ошондой эле Каракол шаарына келген туристтердин агымын көбөйтүп, туризм тармагын өнүктүрүүгө дагы оң таасирин тийгизет.

Эске сала кетсек, жакын арада дагы 20 жаңы автобустун келиши күтүлүүдө. Алар шаар ичиндеги каттамдарга чыгарылып, Каракол шаарындагы коомдук транспорт системасын жакшыртууга жана тургундар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.

Связанный пост