Бишкекте ысык суу бериле баштады

 Бишкекте ысык суу бериле баштады

Бишкекте оңдоо жана сыноо иштери аяктаганына байланыштуу 9-майдан тарта керектөөчүлөргө ысык суу бериле баштады. Бул тууралуу “Бишкекжылуулуктармагы” муниципалдык ишканасынан билдиришти.

Мекеменин маалыматына ылайык, ысык сууну туташтыруу татаал технологиялык процесс болуп саналат жана ал 3-4 күндүн ичинде ишке ашырылат.

“Ысык суу биринчи кезекте социалдык объектилерге – ооруканалар, мектептер жана бала бакчаларга берилет. Андан соң турак жайларды туташтыруу башталат”, – деп айтылат маалыматта.

Связанный пост