Марат Тагаев маданият министринин орун басарлыгынан бошотулду

 Марат Тагаев маданият министринин орун басарлыгынан бошотулду

Марат Тагаев өз арызынын негизинде маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары кызматынан бошотулду. Бул тууралуу ведомстводон маалымдашты.

Тиешелүү тескеме Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык кабыл алынды.

Министрликтин маалыматына ылайык, Марат Тагаев ТҮРКСОЙ (Түрк маданиятынын эл аралык уюму) уюмундагы Кыргызстандын өкүлү болуп дайындалды.

Бул дайындоо түрк тилдүү мамлекеттер менен маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого жана эл аралык маданий байланыштарды өнүктүрүүгө багытталган.

Белгилей кетсек, ТҮРКСОЙ – түрк тилдүү өлкөлөрдүн ортосунда маданий кызматташтыкты өнүктүрүүгө багытталган эл аралык уюм.

Тагаев буга чейин маданият министринин орун басарлыгын аркалап келген.

Связанный пост