Минкаб төрагасы банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

 Минкаб төрагасы банк кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев банк секторунун кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады.

“Урматтуу банк секторунун кызматкерлери!

Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Кыргыз Республикасынын банк кызматкеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктайм.

Бул күн өлкөбүздүн тарыхындагы эң маанилүү окуя – улуттук валютабыздын, кыргыз сомунун жүгүртүүгө киргизилиши менен тыгыз байланыштуу болуп саналат. Бул окуя мамлекеттин эгемендүү финансы системасын түзүүнүн негизи болуп, заманбап банк секторун өнүктүрүүгө жана Кыргыз Республикасынын экономикалык көз карандысыздыгын бекемдөөгө өбөлгө түздү.

Акыркы беш жылдын ичинде президент Садыр Жапаровдун жетекчилигинде Кыргызстандын экономикасы туруктуу өнүгүү траекториясына чыгып, жаңы ишканалар түзүлүп, жаңы тармактар жана багыттар ачылууда. Өлкөнүн ички дүң продуктусунун көлөмүнүн эки эседен ашык өсүшү белгиленүүдө жана анын жылдык өсүү темпи акыркы жылдары туруктуу түрдө 9–10 %дан ашууда. Ошону менен бирге банктык сектордун капиталдаштыруу, кредиттик портфель жана таза киреше сыяктуу негизги көрсөткүчтөрүнүн өсүшү байкалууда.

Кыргыз Республикасын 2030-жылга чейин өнүктүрүүнүн Улуттук программасында доллар менен эсептегенде экономиканы эки эсеге көтөрүү максаты коюлган. Бул процессте экономиканын негизги локомотивдеринин бири катары банктардын ролу чоң болот деп ишенем.

Биздин банк секторубуз эл аралык капитал рыногун өздөштүрүүдө, инновациялык өнүгүү жана санариптештирүүдө, бардык жарандарыбыздын жана бизнестин кредитке жетүүсүн камсыз кылууда ишенимдүү кадам таштоодо.

Бүгүнкү күндө банк сектору биздин өлкөнүн туруктуу социалдык-экономикалык өнүгүүсүн камсыз кылууда негизги ролду ойнойт. Сиздердин кесипкөйлүгүңүздөргө, жоопкерчилигиңиздерге жана жогорку деңгээлдеги компетенцияңыздарга байланыштуу финансы системасынын туруктуулугу сакталып, жарандардын финансылык кызмат көрсөтүүлөрдү пайдалануу мүмкүнчүлүгү кеңейип, банк секторуна болгон ишеними артууда.

Ыкчам санариптик трансформация шартында сиздердин күнүмдүк эмгегиңиздер, ишке берилгендигиңиздер жана өркүндөтүүгө умтулууңуздар заманбап технологиялык чечимдерди колдонууга киргизүүгө, финансылык процесстердин натыйжалуулугун жогорулатууга жана банк системасынын мезгилдин жаңы чакырыктарына туруктуулугун камсыздоого мүмкүндүк берет.

Ар бириңиздер өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүн бекемдөөгө жана жарандардын финансы секторуна болгон ишенимин арттырууга олуттуу салым кошосуздар.

Сиздерге кесипкөйлүк, жоопкерчилик менен коштолгон ишиңиздер үчүн терең ыраазычылык билдирем.

Бекем ден соолук, бакубат жашоо жана өлкөбүздүн гүлдөп-өсүшүнүн өбөлгөсү боло турган жаңы ийгиликтерди каалайм!”, – деп белгиледи Адылбек Касымалиев.

Связанный пост