Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттуктады
Сауд Арабия Королдугунун Падышасы Салман бин Абдулазиз Аль Сауд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгы менен куттуктады.
“Өлкөңүздө Жеңиш күнүнүн белгиленишине байланыштуу Сиздин Улуу даражаңызга чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорубузду жана ден соолук, бакыт каалоолорубузду жолдойбуз. Ал эми Кыргызстандын Өкмөтүнө жана боордош элине мындан аркы өнүгүүнү жана гүлдөп-өсүүнү каалайбыз”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.