Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквием өттү

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 9-майда, Бишкек шаарындагы Жеңиш аянтында Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 81 жылдыгына арналган митинг-реквиемге катышты.

Мамлекет башчысы Өчпөс отко гүлчамбар коюп, Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорду бир мүнөт унчукпай эскерди.

Андан соң Садыр Жапаров сөз сүйлөп, ардагерлерди жана ооруктун эмгекчилерин Жеңиш күнү менен куттуктады.

Президент Жеңиш күнү тарыхый, адеп-ахлактык жана руханий мааниге ээ экенин белгиледи. Бул күн — бир эле учурда жаркын майрам жана эскерүү күнү.

“Чындап келсе, биздин бүгүнкү бейпил турмуш жана эркин жашообуз – дал ошол муундун чексиз кайратынын жана ченемсиз каармандыгынын натыйжасы. Алардын эрдиги менен мекенчилдиги бизге тарыхый мурас, улуттук сыймык жана келечек муундар үчүн түбөлүк үлгү болуп калат”, – деди Садыр Жапаров.

Ал согуш кайгы менен жоготууларды гана алып келерин, ал эми тынчтык баа жеткис байлык экенин ошол жылдардан улам билерибизди кошумчалап, ошол каргаша бүткүл адамзат үчүн чоң сабак болушу керектигин баса белгиледи.

“Тилекке каршы, сабак болбой жатат. Дүйнөнүн ар кайсы өлкөлөрүндө болуп жаткан согуштарда үч триллиондон ашуун каражат жумшалууда. Бул каражатты адамзаттын жаркын жашоосуна жумшасак кандай жакшы болоор эле.

Жок дегенде жашыл жаратылышты коргоого жумшаганда дүйнө жүзү жапжашыл болуп турмак. Мына ошондуктан биз улуу жеңиштин сабактарын унутпай, тынчтыкты, ынтымакты жана биримдикти көздүн карегиндей сактоого милдеттүүбүз”, – деп жыйынтыктады Мамлекет башчысы.

Ушул эле жерде Бишкек гарнизонунун аскерлеринин өздүк курамынын салтанаттуу маршы да өттү.

Андан соң Президент Садыр Жапаров Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлери жана ооруктун эмгекчилери менен жеке учурашып, аларга бекем ден соолук каалады.

Связанный пост