Москвадагы өрт: Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда

 Москвадагы өрт: Жабыркагандардын арасында кыргызстандыктардын бар-жогу такталууда

28-апрелде Москва шаарынын түндүк бөлүгүндөгү жаңы курулуштардын биринде өрт чыккан.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, буга байланыштуу Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин кызматкерлери жергиликтүү тиешелүү органдар менен байланышып, жабыркагандардын же каза болгондордун арасында кыргыз жарандарынын бар-жогун тактоо иштерин башташты.

Учурда элчилик кызматкерлери ыкчам маалымат алмашуу максатында укук коргоо органдарында жүрүшөт.

Бул маселе Тышкы иштер министрлигинин жана элчиликтин өзгөчө көзөмөлүндө. Кошумча маалыматтар такталган сайын билдирилет.

Связанный пост