Эртеңден тарта Бишкектеги фонтандар иштей баштайт
Эртең, 29-апрелден тартып фонтандар иштей баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, учурда “Тазалык” муниципалдык ишканасы фонтандарды ишке киргизүүгө даярдап жатат.
Борбор калаадагы фонтан комплекстери:
- Ала-Тоо аянтындагы фонтан;
- Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы фонтан;
- Жогорку Кеңештин имаратынын алдындагы фонтан;
- Ататүрк паркындагы фонтан;
- “Революция күрөшчүлөрүнүн” фонтаны;
- Токтогул көчөсүндөгү фонтан.