Жыл башынан бери дыйкандарга 1427 техника лизингге берилди

 Жыл башынан бери дыйкандарга 1427 техника лизингге берилди

Жыл башынан бери дыйкандарга 1427 техника лизингге берилди.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, алынган техникалардын жалпы баасы 4 млрд сомду түздү.

Облустар боюнча алганда:

  • Чүй облусуна -715;
  • Ысык-Көл-облусуна – 155;
  • Ош облусуна – 126;
  • Жалал-Абад облусуна – 209;
  • Талас облусуна – 89;
  • Нарын облусуна – 64;
  • Баткен облусуна – 69 техника алынды.

Долбоор “АБанк” ААК жана “Элдик Банк” ААК аркылуу ишке ашырылууда.

Белгиленгендей, аталган долбоор башталган 2011-жылдан бери жалпы 32,4 млрд сомго 11 миң 710 айыл чарба техникасы лизинге берилди.

Связанный пост