Мектептерге 90 миңден ашык Алиппе таратылат
1-класстарга Алиппе окуу китеби басылып чыкты. Бул тууралуу Агартуу министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган министрликтин жана Окуу китеби мамлекеттик мекемесинин өкүлдөрү даярдалган Алиппе окуу китептерин кабыл алышты.
Окуу китептери “Учкун” басмаканасында басылып чыгып, мектептерде окутуу кыргыз тилинде жүргүзүлгөн класстар үчүн атайын каралган.
Жалпы 90 миң 380 нускада Алиппе өлкөнүн бардык аймактарындагы билим берүү уюмдарына таратылат.