“Манас” үчилтиги дунган тилинде жарык көрдү

 “Манас” үчилтиги дунган тилинде жарык көрдү

Кыргыз элинин баа жеткис руханий мурасы болгон Манас эпосу жаңы тилде жаңырып, окурмандарга жол тартат.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, улуу үчилтик — “Манас”, “Семетей”, “Сейтек” — дунган тилине которулуп, өзүнчө китеп болуп жарык көрдү.

Китептин салтанаттуу бет ачары 20-апрелде Кыргыз улуттук “Манас” театрында өтөт.

Иш-чаранын негизги максаты — кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын даңазалоо, ошондой эле элдер ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөө.

Связанный пост