Кыргызстанда жумуртка, пияз, күрүч арзандады

 Кыргызстанда жумуртка, пияз, күрүч арзандады

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги 1-апрелге карата өлкөдө жана Россия менен Казакстандагы азык-түлүккө болгон баалар боюнча салыштырма мониторинг жүргүздү.

Ведомстводон белгилешкендей, мониторингдин жыйынтыгында жумуртка, пияз, күрүч арзандаганы байкалды.

Кыргызстанда баалар: сабиз – 1,4 %, кум-шекер – 0,5 %, кой эти (сулп этинен башкасы) – 0,4 %, макарон азыктары (спагетти) – 0,4 %, каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 0,1 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 0,1 %, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 0,1 %га жогоруласа, ал эми жумуртка – 3,3 %, баш пияз – 2,3 %, күрүч – 0,4 %, уй эти (сулп этинен башкасы) – 0,2 %га төмөндөгөнү байкалды .

Казакстандагы баалар: кум-шекер – 18,4 %, макарон азыктары (вермишель) – 12,6 %, уй эти (сулп этинен башкасы) – 9,4 %, каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 7,1 %, баш пияз – 7 %, картошка – 5,2 %, сабиз – 4,8 %, жумуртка – 4,4 %, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 2,5 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 2 %га жогоруласа, ал эми күрүч – 9,8 %, макарон азыктары (спагетти) – 5,9 %, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 1,6 %га төмөндөгөнү байкалды.

Россияда баалар: картошка – 2,1 %, сабиз – 1,9 %, баш пияз – 1,6 %, жумуртка – 1,6 %, уй эти (сулп этинен башкасы) – 1,5 %, кой эти (сулп этинен башкасы) – 1,4 %, макарон азыктары (вермишель) – 1,3 %, тазаланган өсүмдүк күн карама майы – 1,3 %, пастерленген 2,5-3,2% майлуулуктагы сүт – 1,3 %, 1-сорттогу буудай уну (жергиликтүү) – 1,3 %, күрүч – 1,1 %, каймак май (туздалбаган, 72 % аз эмес кошулмаларсыз жана өсүмдүк майларысыз) – 1,1 %га жогорулаганы байкалды.

Связанный пост