“Ата-Бейитте” Апрель баатырлары эскерилди

 “Ата-Бейитте” Апрель баатырлары эскерилди

Бүгүн, 7-апрелде мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев 2010-жылдагы Апрель окуяларында курман болгондордун элесин эскерди.

Ал 2010-жылдагы элдик Апрель революциясынын баатырларынын урматына арналган “Ата-Бейит” улуттук тарыхый-мемориалдык комплексиндеги мемориалга гүл койду. Ошондой эле аларга багышталып куран окулду.

Иш-чарага президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элкинбек Аширбаев, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана башка расмий адамдар катышты.

Связанный пост