Баткенде алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга эркинен ажыратылды

 Баткенде алимент төлөбөгөн жаран 2 жылга эркинен ажыратылды

Алимент төлөбөгөн Баткендин тургуну 2 жылга эркинен ажыратылды. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматы билдирет.

Сот аткаруучулардын өндүрүшүндө жаран Д. С. К. дан жубайы О. Ж. Г. нын пайдасына кирешесинин 1/2 бөлүгү өлчөмүндө алимент өндүрүү тууралуу иш каралып жаткан. Текшерүүнүн жүрүшүндө карызкор 2022-жылдын декабрь айынан 2026-жылдын январына чейин такыр төлөм жүргүзбөгөнү аныкталган. Жалпы карыздын суммасы 425 801 сомду түзөт.

Карызкор алимент төлөөдөн баш тартып келгендиктен, тиешелүү материалдар соттун кароосуна жиберилген. 3-апрелде Баткен райондук соту айыпталуучуну күнөөлүү деп таап, Д. С. К. сот залынан камакка алынып, 2 жылга эркиндигинен ажыратылды.

“Сот аткаруучулар кызматы ата-энелерди балдарынын алдындагы милдеттерин өз убагында аткарууга жана мыйзам бузуунун кесепети оор болорун эскертет”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост