Көмүр казган ишканалар үчүн жеңилдиктер каралып чыгат

 Көмүр казган ишканалар үчүн жеңилдиктер каралып чыгат

Мамлекеттик салык кызматынын башчысы Алмамбет Шыкмаматов Баткен облусуна болгон жумушчу сапарынын алкагында көмүр казуучу компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушту.

Анда ал көмүр казуучу компаниялар өздөрүнүн көйгөйлөрү жөнүндө айтып, аларды чечүүнү суранышканын белгиледи.

“Мен аларга мыйзам долбоорун иштеп чыгып, бизге тапшырууну сунуштадым. Мен алардын мыйзам долбоорун карап чыктым. Менимче, алар мамлекеттин да, бизнестин да кызыкчылыктарын эске алган тең салмактуу мыйзам долбоорун жазышты. “Кыргызкөмүр” ишканасы бул боюнча өз пикирин берет, биз болсо өз пикирибизди бир жуманын ичинде сунуштайбыз. Бир жумадан кийин дагы бир эксперттик деңгээлдеги жыйын өткөрөбүз. Эгерде парламент бул мыйзам долбоорун каникулга чейин кабыл алса жана президент ага кол койсо, бул көмүр өнөр жайын жөнөкөйлөштүрүүгө алып келет”, — деп баса белгиледи ал.

Связанный пост