Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды
Бишкек шаардык соту Кемпир-Абад иши боюнча райондук соттун чечимин күчүндө калтырды. Бул тууралуу шаардык соттун басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, бүгүн шаардык соттун кезектеги отурумунда аталган иш каралды.
“Судья биринчи инстанцияда чыгарылган чечимди күчүндө калтыруу чечимин кабыл алды”, – деп белгилешти Бишкек шаардык сотунан.
Эске салсак, 2024-жылдын 14-июнунда Бишкектин Биринчи май райондук соту айыпталгандардын баарын актаган болчу.