Бишкекте дээрлик 2 млн сом мамлекеттик алым өндүрүлдү

 Бишкекте дээрлик 2 млн сом мамлекеттик алым өндүрүлдү

Биринчи май райондук сот аткаруучулар бөлүмү республикалык бюджеттин пайдасына мамлекеттик алымды өндүрүү боюнча аткаруу ишин ийгиликтүү жыйынтыктады.

Сот аткаруучулар кызматынан билдиришкендей, мажбурлап аткаруу чараларынын алкагында мамлекеттик органдардын биринен жалпысынан 1 млн 780 миң 920 сом өлчөмүндөгү карыз толугу менен өндүрүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин аталган иш боюнча 445 миң 230 сом өндүрүлгөн болчу.

Связанный пост