Кыргызстанда бир суткада эки жер титирөө катталды

 Кыргызстанда бир суткада эки жер титирөө катталды

Кыргызстанда бир суткада эки жер титирөө катталды. Бул тууралуу Сейсмология институтунан билдиришти.

Маалыматка ылайык, биринчи жер титирөө Жалал-Абад облусунун аймагында 22-мартта саат 09:18де катталган. Жер титирөөнүн күчү очогунда 3 баллга жеткен.

Жер титирөө Тоскоол айылынан батышка карай 6 чакырым, Масы айылынан түштүк-чыгышка карай 14 чакырым, Майлуу-Суу шаарынан түштүк-чыгышка карай 16 чакырым аралыкта жайгашып, Тоскоол айылында 3 балл, Майлуу-Сууда жана Масыда 2,5 балл, ал эми Кочкор-Ата шаарында 2 балл сезилген.

Экинчи жер титирөө ошол эле күнү саат 11:30да Тажикстандын аймагында катталып, анын күчү 3,5 баллды түзгөн.

Жер титирөөнүн очогу Раззаков шаарынан түштүк-батышка карай 28 чакырым, Ак-Суу жана Сары-Дөбө айылдарынан 18–20 чакырым аралыкта жайгашкан. Аталган айылдарда жер титирөө 3 баллга чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, кыйроолор катталган жок.

Связанный пост