ШКУнун Башкы катчысы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

 ШКУнун Башкы катчысы Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады

ШКУнун Башкы катчысы Нурлан Эрмекбаев Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Нооруз майрамы менен куттуктады.
“Бул тынчтыктын, сабырдуулуктун жана кайрымдуулуктун символу болгон жаркын майрам Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясынын резолюциясына ылайык Нооруз эл аралык күнү катары кеңири белгиленет.
Сиздин жетекчилигиңиз астында Кыргыз Республикасы коңшулаштык мамилелерди бекемдөө, Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында өнөктөштүктү тереңдетүүгө олуттуу салым кошуу менен туруктуу өнүгүү жолунда ишенимдүү бара жатат деп ишенебиз.
Сизге чың ден соолук, бакубат жашоо жана мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Кыргызстан элине тынчтык, гүлдөп-өнүгүү жана бакубатчылык каалайм”, – деп айтылат куттуктоо телеграммасында.

Связанный пост