Ашыкча жүк – кооптуу жол: Транспорттук рейддин жыйынтыгында 3,5 млн айып пул салынды
Жерде жүрүүчү жана суу транспорту департаменти тарабынан өлкө аймагында жүк ташуучу автоунаалардын ашыкча жүк жүктөп, бортторун мыйзамсыз бийиктетип алган фактыларын аныктоо максатында бир айлык рейддик иш-чаралар уюштурулду. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаралар 19-февралдан 13-мартка чейин Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын инспекторлору менен биргеликте өткөрүлдү.
Рейдде жалпы 2829 жүк ташуучу автоунаа токтотулуп, текшерилди. Жыйынтыгында транспорт мыйзамдарынын талаптарын бузган айдоочуларга карата 260 протокол түзүлүп, жалпысынан 3 млн 515 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды.
Мындан тышкары, 46 транспорт каражаты айып токтотуучу жайга киргизилди.