Кыргызстанда акыркы 5 жылда 141 тонна алтын казып алынды

 Кыргызстанда акыркы 5 жылда 141 тонна алтын казып алынды

Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстандын тоо-кен тармагынан бюджетке 217,9 млрд сом салык жана төлөмдөр түштү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин комитет жыйынында жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министринин орун басары Асел Райымкулова билдирди.

Анын айтымында, 2025-жылы түшүүлөр 65,4 млрд сомду түзүп, рекорддук көрсөткүчкө жетти.

“2021-2025-жылдар аралыгында казып алынган алтындын жалпы көлөмү 141 тоннага жетип, жылдык өндүрүш 26 тоннага чейин жогорулады. Мындан тышкары, өлкөдө жыл сайын орточо 4 млн тоннага жакын көмүр казып алынууда”, – деди ал.

Связанный пост