Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйыны болуп өттү
Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Президенттин Администрациясынын Жетекчиси Адылбек Касымалиев Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин кезектеги жыйынын өткөрдү.
Жыйындын жүрүшүндө өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн бир катар маселелери каралып, Министрлер Кабинетинин бир катар токтомдору жактырылды.
Министрлер Кабинетинин мүчөлөрү Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигинин алдында “21-мектеп – санариптик технологиялар мектеби” деген чоңдорго кошумча билим берүүчү билим берүү уюмун түзүү жөнүндөгү токтомду колдошту.
Документ санариптик билим берүүнү өнүктүрүү, Кыргыз Республикасынын жарандарынын заманбап билим берүүчү IT-программаларына акысыз жеткиликтүүлүгүн камсыз кылуу, эмгек рыногунда талап кылынган IT-адистерин калыптандыруу үчүн шарттарды түзүү, инновациялык ыкмаларды жана санариптик технологияларды колдонуу менен билим берүү процессинин сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатуу максатында иштелип чыккан.
Министрлер Кабинетинин жыйынынын жүрүшүндө мамлекеттик органдарга профилдик багыттар боюнча бир катар тапшырмалар берилди.