“Жалал-Абад” аэропорту тууралуу жалган видео тараткан жаран аныкталды

 “Жалал-Абад” аэропорту тууралуу жалган видео тараткан жаран аныкталды

“Жалал-Абад” аэропорту тууралуу жалган видео тараткан жаран аныкталды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирет.

Белгиленгендей, социалдык тармактарда жана мессенджерлерде Жалал-Абад облусундагы жаңы эл аралык аэропорттун курулушу токтогондугу тууралуу чындыкка дал келбеген видео материал тараган.

Жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чаралардын алкагында видеонун автору аныкталды. Ал Сузак районунун 1994-жылы туулган тургуну М.у.Ш. болуп чыкты.

Профилактикалык маектешүү учурунда жаран видеону өзү тартып, таратканын моюнга алды. Ал кылган ишине өкүнүчүн билдирип, видеону эч кандай жаман ниетсиз, билбестиктен жарыялаганын түшүндүрдү. Аны менен тиешелүү түшүндүрүү иштери жүргүзүлдү.

УКМК эскертет: Коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга багытталган жалган маалыматтарды тараткан адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жоопкерчиликке тартылат.

Связанный пост