Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 3,4 млрд доллар которулган

 Былтыр Кыргызстанга чет өлкөлөрдөн 3,4 млрд доллар которулган

2025-жылдын жыйынтыгы менен өлкөгө келген акча которуулардын жалпы көлөмү 3 млрд 491,2 млн долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти.

Которуулардын негизги бөлүгү – 3 млрд 293,1 млн доллары КМШ өлкөлөрүнөн келген. Анын ичинен Россия акча которуулардын көлөмү боюнча лидер бойдон калууда. Ал жактан 3 млрд 231,8 млн доллар, ал эми Казакстандан 35,8 млн доллар которулган.

Алыскы чет өлкөлөрдөн келген каражаттардын көлөмү 198 млн долларды түздү. Анын ичинен:

  • АКШдан – 107,8 млн доллар;
  • Түркиядан – 11,8 млн доллар;
  • Түштүк Кореядан – 2 млн доллар;
  • башка өлкөлөрдөн – 101,9 млн доллар келип түшкөн.

“Ошол эле учурда 2025-жылдын ичинде Кыргызстандан чет өлкөлөргө 373,7 млн доллар которулган”,-деп айтылат маалыматта.

Связанный пост