Ашкабак, жүгөрү жана беде үрөнү эл аралык рынокко чыкты

 Ашкабак, жүгөрү жана беде үрөнү эл аралык рынокко чыкты

Кыргызстандын айыл чарба тармагында экспорт жана эл аралык кызматташтыкта ийгиликтер катталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, 2025-жылы өлкөдөн төмөнкү айыл чарба продукциялары экспорттолду:

  • Россияга – 40 тонна беде үрөнү;
  • Японияга – лагенария ашкабак үрөнү 1500 тонна;
  • Кытайга – кургатылган өрүктүн алгачкы 23 тоннасы;
  • Өзбекстанга – октябрь 70 жүгөрү гибриди сыноо үчүн жөнөтүлдү.

Белгиленгендей, бул иштер Кыргызстан айыл чарбасын эл аралык рыноктордо таанытуу, сапаттуу продукцияны экспорттоо жана фермерлерге кошумча киреше алуу мүмкүнчүлүгүн түзүү максатында жүргүзүлүүдө.

Связанный пост