Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду

 Өзгөндө турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду

Ош облусунун Өзгөн районундагы Мырза-Арык айылында турак үйдөн өрт чыгып, төрт бала каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Маалым болгондой, кырсыктын кесепетинен 2018-жылы туулган Т.Р., 2020-жылы туулган Т.Б., 2021-жылы туулган Т.А. жана 2023-жылы туулган Т.М. аттуу кыз бала чарчап калган.

Учурда өрттүн келип чыгуу себептери такталууда. Тиешелүү кызматтар тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт кырсыгы катталып, тилсиз жоону өчүрүүгө 6 бөлүмү тартылган.

Связанный пост